Кечээ, 3-июнь күнү кечинде Биринчи Май райондук соту башкы айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев болуп саналган бир нече кылмыш иши боюнча өкүмдү чыгарды.
Отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылды. Буга чейин сот үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген: Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу, мыйзамсыз баюу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон массалык башаламандыкка катышуу.
Судья Медеров кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, төмөнкүдөй чечим чыгарды:
— Алмазбек Атамбаев мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды;
— Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылды;
— Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылды;
— Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды;
— Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асел Кодуранова 3 жылга шарттуу түрдө;
— Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев 5 жылга шарттуу түрдө;
— Коопсуздук комитетинин 9-кызматынын мурдагы кызматкери жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев 5 жылга шарттуу түрдө кесилди;
— журналист жана Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева 5 жылга шарттуу түрдө кесилди;
— Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды;
— Канатбек Өскөналиев 5 жылга шарттуу түрдө;
— Карыпбек уулу Рыспек 5 жылга шарттуу түрдө;
— Амангелди Какебаев 3 жылга шарттуу түрдө;
— Марат Шаменов 3 жылга шарттуу түрдө;
— Нооруз Капарбек уулу 3 жылга шарттуу түрдө кесилди.
Ал эми коррупция тууралуу айыптар боюнча мурдагы вице-премьер, эл аралык издөө жарыяланган Аскарбек Шадиевге 15 жыл 6 ай берилди. Анын да мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилери белгиленди.
Калган айыпталуучуларга «мөөнөтү өттү» деген негизде жаза чегерилген жок.