Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эки кылмыш иши боюнча акталды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эки кылмыш иши боюнча акталды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Ал Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүүгө айыпталып жаткан. Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан судья Мирлан Термечиков мурдагы президентти эки кылмыш иши боюнча тең кылмыштын курамы жок болгондуктан актады.