Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов эркиндикке чыкканы маалым болду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов абактан жазасын өтөп чыкканына байланыштуу 2021-жылдын 1-декабрында эркиндикке чыккан. Бул маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан ырасташты.

Эскертке кетсек, 2019-жылы УКМК Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. 30-октябрда Октябрь райондук соту аны 7 жылга эркинен ажыратып, 160 миң сом айып пул салып, үй-мүлкүн конфискациялаган.

Кийинчерээк Бишкек шаардык соту ага мунапыс жарыялап,  Илмиянов 5,5 жылга эркинен ажыратылган.

2020-жылы ал Молдовановкадагы колонияга которулган.