Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу соттон маалымат беришти

Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту төмөнкүлөрдү билдирди.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Атамбаев айыпталуучу катары өтүп жаткан эки кылмыш иши каралып жаткан. Биринчи кылмыш иши — 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча, экинчиси — 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча иш.

Атамбаевдин 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген бир жылдык камакка алуу мөөнөтү аяктаган. Азыркы учурда бул кылмыш иши жабырлануучулар менен күбөлөрдү суракка алуу стадиясында турат, бул иш боюнча сот өз өкүмүн чыгара элек. Иш боюнча айыпталуучулар толук акталды деген пикирге келүү эрте. Атамбаевге карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча бөгөт коюу чарасы тандалган эмес, анткени ал Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши менен чыккан соттун өкүмүнүн негизинде жазасын өтөп жаткан. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иш жаңы кароого түштү»,- дешти.