Алмазбек Атамбаевге дагы бир кылмышка шектүү катары билдирүү берилди

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге 2016-жылы Түркиянын 10 жаранына Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирүү тапшырылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

«Туулган күнүндө Алмазбек Атамбаевге Орхан Инандыга жана Түркиянын башка жарандарына мыйзамсыз түрдө жарандыкты берүү боюнча кылмышка шектүү катары билдирүү тапшырылды», — деди ал.

Буга чейин Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 2016-жылы Кыргызстандын паспортторун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жаткан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2016-жылы Фарид Ниязов жетектеген президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын төрагалыгы астында Түркия Республикасынын 10 жаранын жарандыкка кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алынгандыгы аныкталганын, ошол эле жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Түркия Республикасынын 10 жараны Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынып, аларга мыйзамсыз паспорттор берилгени маалымдалган.