Алмазбек Атамбаевге коюлган айып боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылды

Бүгүн, 17-январга белгиленген кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Алмазбек Атамбаевге коюлган айып боюнча боло турган соттун жылышы тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев да социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Жогорку Сот судьялардын бири ооруп калганына байланыштуу бүгүнкү соттук процесс болбой калганын айтты”, — деп жазды ал.

Атамбаев Батукаевдин кылмыш иши боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.