Алмазбек Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жакын арада бөгөт чарасы каралат

Пара алуу фактысы боюнча кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары пара алуу учурунда билим берүү жана илим министрин кармашкан.

Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы иликтенүүдө. Пара алуу фактысы ар тараптуу, дыкаат жана акыйкат иликтенүүгө алынып, баардык жагдайлар тастыкталууда. Кармалган министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат.