Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин камакта калтырылды

Кечээ, 12-февралда Октябрь райондук соту Көз микрохирургиясы ооруканасынын директору Алмазбек Исманкуловду камакка алды. Ал 9-апрелге чейин камакта болот. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти. 

Дарыгер менен кошо кармалган Талант Рыскулбек уулу 9-апрелге чейин үй камагына чыгарылды.

Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу 10-февралда Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Алар Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.