Алтайда 30 жаштагы кыргызстандык мекендешин атып өлтүрүүгө айыпталып жатат

30 жаштагы Кыргызстандын жараны киши өлтүрүү боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Алтай аймагынын тергөө комитетинин сайтында жазылат. 

Маалыматка караганда, окуя август айынын аягында Кулундинский районунда болгон. Кыргызстандык жаран айыл чарба талааларында эмгектенген. Ошол күнү ал мас абалында 44 жаштагы мекендеши менен уруша кетип, аны мылтык менен атып салган. Ал ошол жерде көз жумган. Сот анын бөгөт чарасын карап, камакка алган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.