«Алтын буюмдар, кой, дөңгөлөк…» Чүйдө уурулукка шектелгендер кармалды

Ысык-Ата районунун аймагында уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына жергиликтүү тургундар белгисиз адамдарга чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан, алар ушул жылдын март айынан бери арыз ээлеринин үйлөрүнө
кирип акча, алтын буюмдарын, унаанын дөңгөлөктөрүн, дисктерин жана койлорун уурдап кетишкендигин билдирген.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча реестрге катталган. Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө 1975 жана 2002-жылы туулган жарандар кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда Аламүдүн районунун аймагында кармалган адамдардын дагы ушундай 5 кылмышка катышы бар экендиги аныкталган. Ыкчам кызматкерлер тарабынан шектүүлөр көпчүлүк учурда үйдүн ээлери жок болгон учурларда күндүзү жана түнкүсүн уурулук жасагандыгы маалым болгон.