9-10 ай мурун «Алтын Казына» ресторанында 17 жаштагы кызды зордуктоо болгон. Бул тууралуу депутат Руслан Жакышов айтып, ага ата-энеси байланышып жатканын билдирди.
«Сот иши жүрбөй, жардам жок. Эгер сот адилетсиз болсо, орозо бүткөн соң өзүмдү өрттөйм деп жатат. Ушул иш боюнча эмне иш алып барып жатасыңар? Атасы кайрылып жатат», — деди депутат.
8-августта соцтармактарга видео тараган. Анда Чүйдөгү «Алтын-Казына» ресторанынын кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы кыздын зордукталганы маалымдалган. 9-августта Чүй ОИИБ маалымат таратып, кылмышка шектелип 20 жаштагы жигит кармалганын билдиришкен.