«Алтын кум» эс алуу жайында 18 жаштагы Станиславдын өлүмү. Иш токтотулду

Бостериде суу түтүгү соруп кеткен 18 жаштагы Станислав Ситников аттуу 18 жаштагы жарандын өлүмү боюнча иш токтотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан маалымдашты.

Аталаган иш тараптардын элдешип алышынын негизинде токтотулган. Айыпталуучу менен жабырлануучу тарап Ысык-Көл райондук сотунун чечимине каршы жогорку инстацияга даттанышкан жок.

Өткөн жылдын июль айында Станислав Ситников аттуу 18 жаштагы жаранды Бостеридеги «Алтын кум» эс алуу жайында жайгашкан аквапарктын жанындагы пляжда сүзүп жүргөн жеринен суу түтүк соруп кеткен. Жигит ошол жерден каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, маркумдун өлүмү механикалык асфиксиядан, жогорку дем алуу жолдорунун суу менен жабылышынан, башкача айтканда, тумчуккандан болгон. Укук коргоо органы белгилегендей, ишкер аттракциондорду суу менен камсыз кылуучу насостору бар аймак сууга түшүүгө тыюу салынган жана кооптуу аймак экенин билип туруп, тосмолорду, коопсуздук белгилерин орнотуу боюнча чараларды көргөн эмес.