«Алтын кум» эс алуу жайындагы аквапаркта 18 жаштагы жигиттин өлүмү. Тергөө уланууда

«Алтын кум» эс алуучу жайындагы аквапаркта 18 жаштагы Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча бир катар экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү Азамат Дүйшеналиев билдирди.

Анын айтымында, эң негизги экспертиза — экологиялык техникалык экспертиза, анын жыйынтыгы азырынча даяр эмес. «Бардык корутундуларды алгандан кийин бул кылмыш иши боюнча юридикалык баа берилет«, — деди ал.

Станислав Ситников 27-июлда Ысык-Көлдө каза болгон. Аны аквапарктын насостук түтүгү соруп кеткен. 30-июлда жерге берилген жаш жигиттин кан жутуп турган жакындары маркумду эскеришкен.