«Алтын кум» пансионатында 36 жаштагы жаран көлгө чөгүп кеткен. Сөөгү табыла элек (сүрөт)

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денесин издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Окуя кечээ, 31-август күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатында болгон. Анда 1985-жылы туулган эркек киши көлгө чөгүп кеткен. Кырсык болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:10до 4 суучул жана 1 офицер тартылды.