«Алтын кум» пансионатында көлгө чөгүп кеткен 36 жаштагы жарандын сөөгү табылды

31-август күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатында 1985-жылы туулган эркек киши көлгө чөгүп кетип, сөөгү табылбай жаткан.

Бүгүн, 2-сентябрда ӨКМ жарандын жансыз денеси табылганын билдирди. «Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылган. Жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди», — деп айтылат маалыматта.