Алымкадыр Бейшеналиев: “Мен соттун чечимине макул эмесмин”

Бүгүн, 4-июнда Октябрь райондук сотунда Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакта калтырылды.

”Мен соттун чечими менен макул эмесмин”, — деди ал.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага 7 кылмыш иши козголгону маалым болгон. Бүгүн, 4-июнда ал кызматынан убактылуу четтетилди.