Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштери ИИМге өттү

Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштери Башкы прокуратурадан ИИМге өттү. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

«Адвокат Кайсын Абакировдун Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүн алмаштыруу боюнча арызы канааттандырылды. Башкы прокуратуранын жетекчилиги Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерин объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында тергөөнү ИИМдин ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырды», — деп жазды ал.