Анталияга эс алууга барган 20 жаштагы Кыргыз жараны 6-кабаттан кулап түштү

Анталияга эс алууга барган 20 жаштагы Кыргыз жараны 6-кабаттан кулап түштү. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазып чыгышты.

Алардын жазган маалыматтары боюнча, кыргызстандык жигит Кызыл сарай районундагы Енер-Улусой бульварына эс алууга достору менен барган. Алар эс алуу үчүн токтогон батирдин 6-кабатынан кулап кеткен. Аны байкап калган жакын жердеги адамдар Тез жардам кызматына кабарлашкан. Тез жардам кызматынан жардам алган жигит Анталиянын изилдөө ооруканасына жеткирилген. Маалыматтарга караганда, оор жаракат алган жигиттин өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы айтылууда. Полиция иликтөөнү улантып жатат.