Антальяда 23 жаштагы кыргыз кызы каза болду

Түркиянын Анталья шаарында 23 жаштагы кыргыз кызы каза болду. Анын сырдуу өлүмү учурда аталган өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатат. Кыргыз жаранынын жансыз денеси бир жылдай кыз-жигит мамилесинде болгон Түрк жаранынын үйүнөн табылган. Түрк жараны көрсөтмөдө сүйлөшкөн кызы менен 25-декабрда ичимдик ичип, кийин уктап калышканын айтып берген.

“Эртең менен ойгонгондо колу-буту муздап калган экен, мен үшүп калган го деген ойдо үстүн жууркан менен жаап, кайра уктап калгам. Түштөн кийин ойгонуп, аны ойготууга аракет кылганым жыйынтык берген жок. Ошондо гана анын өлүп калганын түшүнүп, полиция кызматына чалдым”, — деген Түрк жараны.

Кыргыз кызынын эмнеден улам каза болгонун аныктоо үчүн өлүкканага алып кетишкен.