«Аны менен сүйлөшүп, ээрчитип бараткан». Ошто 2 жарым жашар кызды уурдады делип 38 жаштагы киши кармалды

Ошто 2 жарым жаштагы кызды уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 2-июль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургуну эки жарым жашар кызы белгисиз себептерден улам жоголуп кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тийиштүү иш-кагаздарды чогултуп, ошол жердеги видео байкоо камераларды караган. Видео көзөмөлдөн жоголгон наристени жашы 35-40 чамасындагы эркек киши наристеге сүйлөп, ээрчитип баратканын көрүшкөн. Алгачкы жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестирине Жазык кодексинин 170-беренеси (киши урдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, жоголгон эки жарым жашар кыз Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген. Кылмышка шектелип, Алай районунун 1983-жылы туулган тургуну кармалган. Кызга тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.