«Апа, келиниңизди башка менен кармап алдым». Баткенде жиликтелип өлтүрүлгөн жарандын жакындары окуяны айтып беришти

17-октябрь күнү Баткен районунун Бужум айылында өмүрү кыйылган 33 жаштагы Жигитали Темирбаевдин өлүмү боюнча жакындары маалымат беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Туугандарынын айтымында, алар алгач Жигитали Темирбаев жоголду деп WhatsApp тайпаларда маалымат тараткан. Андан соң анын бир тууган эжеси Каныкей Темирбаева Баткен РИИБге инисинин жоголгондугун айтып кайрылган. Натыйжада укук коргоо органдары менен жергиликтүү эл топтолуп издешкен. Андан кийин изделип жаткан жарандын бир нече бөлүккө бөлүнгөн денеси табылган. Кылмышка шектүү катары маркумдун келинчеги жана анын бир тууган 2 агасы кармалган. Маркумдун жакындары бүгүнкү күндө тергөөнүн адилеттүү жүрбөй жаткандыгын жана бул кылмыштын башында турган маркумдун келинчеги менен бул кылмышка жардам берип аралашкан жеңесинин эркиндикте жүргөнүнө нараазы болушууда.

Жигитали Темирбаевдин апасы Бактыгүл Темирбаева баласы менен келинин ортосунда чыр чыкканын айтып берген. «Мен баламды үйлөндүрүп, ушулар бактылуу тынч жашасын деп, Орусия иштегени кеткем. Той-аштарга келип-кетип жүрчүмүн. Окуядан 3-4 күн мурда балам чалып, «Апа, мен келиниңизди үйдөн башка бирөө менен кармап алдым. Ажырашам» деп айтты. Мен «Кой балам, токтоп тур. Мен өзүм барайын, анан чечебиз» дедим. 3-4 күндөн кийин эле Жигитали жоголду деп кызым чалды. Мен өзүм барып издейин деп жолго чыктым. Мени Оштон кызым менен сиңдим тосуп алды. Ошондо да мага эч ким өлдү деп айткан жок. Үйгө келсем адам көп экен. Мен киргенден кийин 20 мүнөт өткөндө баламдын жансыз денеси келди. Анын жаназасы болуп жатканын ошондо билдим. Баламды мүчөлөп, мыкаачылык менен өлтүрүптүр. Азыр тергөөчү башка тергөөчүгө өткөрүп беришти. Тергөөдө келиним жана кылмышка жардам кылып катышкан келинимдин жеңесин да кармап, келинимди энелик укуктан ажыратып, 3 баланы мага өткөрүп берүүсүн суранам. Уулумдан калган 3 баланы багып алганга кудуретим жетет», — деди ал.

Маркумдун таежеси Канышай Тешебаева аны менен акыркы сүйлөшүүсүн эскерген. «Мени Жигитали таене дечү эле. Ал өлтүрүлгөн күнү мага телефон чалган. «Таене, ал (аялын айтып жатат) жок. Балдарга бышырып берейин деп жумуртка алып келдим» деп айтты. Мен «Каякка барат эле? Жүргөндүр да келет» дедим. Кийин эле «Жигитали жоголуптур» деп угуп, үйүнө жетип келдим. Келсем эл көп. Машиналар тизилип калыптыр. Милициялар жүрөт. Анан мен үйгө кирдим. Аялы жүрүптүр. Аны «Дагы уруштуңарбы? Эмне болду? Сен бир нерсе кылгансың» деп уруштум. Урушсам уялбай көйнөгүн чечип эле «мына Жигитали мени урду» деди. Бир кезде алардын 3-класста окуган кызы келип калды. Мен «Атаң кана?» десем, «Атам бизге жумуртка алып келип, бышырбай эле уктап калды. Түндө турсам свет жок, караңгы. 2 киши атамды алып чыгып кетти. Иним эшикке чыгам деди. Мен аны эшикке чыгарайын десем, свет жок, стулду коюп, лампочканы бурап күйгүздүм. Үйгө кирип жаткандан кийин апам келди. Апам келип үйлөрдү аарчып тазалады. Эшиктин кулпун гүлдүн арасына ыргытып, кийин кайра алып келип аарчып, илип койду. Кишилердин үнү тагамдын үнүнө окшоду» деди. Мен милицияларды чакырып, «Мына кызы айтып жатат. Ким экенин сурагыла» дедим. Ушул кыздын айтуусу жана кошунабыздын дүкөнүндөгү камерага түшкөн видеонун негизинде келинибиз, анын 2 агасы кармалды. Биз акыйкат тергөөнү сураныбыз», — деди ал.

Маркумдун чоң атасынын баласы Максат Темирбаев иниси 9 бөлүккө жиликтелгенин кошумчалады. «Иним жоголду деп издебеген жерибиз калбады. Аягында өзүнүн келинчеги, бир туугандары менен өлтүргөндүгү билинди. Кийин анын денеси мүчөлөнгөн абалда келинимдин агасынын үйүндөгү дааратканадан табылды. Моргго барсам Жигиталини мотопила менен аралап, балталап, 9 бөлүкө бөлүптүр. Башы жок. Ким экенин таанып болбойт. Ички органдары жок. Бүгүнкү күнгө чейин таппадык. Кийин денесин скотчтоп, топтоп, анан жаназага алып келдик. Өтө катуу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн», — деди ал.

Маркумдун кошуналары бул үй-бүлө момун, коңшулар менен жакшы мамиледе экенин айтышкан.