«Апам жашоону жакшы көрчү». Бишкектеги жол кырсыкта каза болгон аялдын уулу бийликке кайрылды

Социалдык тармактарда 30-январда Бишкекте катталган жол кырсыктын видеосу тарады. Жол кырсык Тыныстанов менен Фрунзе көчөсүндө катталган. Honda Fit унаасынын айдоочусу жол чырак кызыл күйгөндө өтүп, жол кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен 50 жаштагы аял каза болгон.

Каза болгон аялдын уулу жол кырсык катталгандан кийин апасы 3 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болгонун жазды. «Менден апамды тартып алып коюшту. Апам болгону 50 жашта болчу. Ал эң шайыр адам эле, Кореядагы кыргыз диаспорасынын лидери, Кореядагы миңдеген кыргыздарга жардам берген, ал жөнүндө китеп да жазышкан, көптөрдү шыктандырган инсан болчу. Ал жашоону абдан жакшы көрчү, быйыл саякаттоону пландаган жана буга чейин көптөгөн өлкөлөргө барып келген. Ал ар дайым энергияга жана позитивге толуп турчу. Ал эми эртең менен апам чуркоо үчүн чыкканда айдоочу сузүп, жашоосун алып койду», — деп жазды ал. 

Ал ошондой эле кылмышка шектүү Свердлов райондук соту тарабынан үй камагына чыкканын, шектүүнүн учурда эркиндикте жүргөнүн айтып, нааразы болду. «Биз ал жазасыз калат деп коркобуз» деген ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.