«Апасы 2 айлык кезинде таштап кеткен». Ак-Босогодо 9 жашар кыз атасы тарабынан зордукталып жүргөн

Бишкекте атасы кызын зордуктап жүргөн. Бул тууралуу журналисттерге прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-февралда соцкызматкер милицияга кайрылып, 9 жаштагы кызды 49 жаштагы атасы зордуктап жүргөнүн билдирген. Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталган. 26-февралда Бишкек мэриясынын Балдар иштери боюнча комиссиясы кызды алты айга Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна тапшырган. Милиция кыздын атасы менен Бишкектеги конуштардын биринде жашаганын аныкташкан. Апасы кызы менен жолдошун 2 айлык кезинде таштап кеткен. Ошондон бери кызынан кабар алган эмес. Киши кызын жалгыз тарбиялап келген. 

Тергөө учурунда жашы жете элек кыз аны атасы зордуктаганын айткан. Бул соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен тастыкталган. Жыйынтыгында шектүү 12-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бир нече күндөн кийин Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иш сотко өткөн. 12-июнда Биринчи Май райондук прокуратурасы кишини ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган. 8-сентябрда сот доо арызды канааттандырган. 18-июнда кызды толук мамлекеттик колдоо үчүн мектеп-интернатка киргизишкен.