«Апасы жумушка кеткенде…» Түптө окуучу кызды өгөй атасы зордуктап жүргөнү маалымдалды

Ысык-Көлдө 4-класстын окуучусун бир жылдай өгөй атасы зордуктап келген. Бул тууралуу журналисттерге Түптөгү балдарга жардам берүү борборунун директору Назгүл Осмонова билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иш май айында аныкталган, учурда кыз реабилитация алып жатат. «Кыз биздин борбордо окуучу. Май айында келбей калды. Апасынан сурасам кызын Токмоктогу эжесине жөнөтүп жибергенин айтты. Кийинчерээк ал кызды кайра Түпкө жөнөткүсү келгенде өгөй атасынан көргөн кордукту таежесине айтып, ыйлап жибергени белгилүү болгон. Кыз үйгө баргысы келбей турганын айткан. Ал абдан түнт. Психологиялык жактан да, физикалык жактан да көп кыйналды», — дейт Назгүл Осмонова. 

«Өгөй ата кызды апасы жумушка кеткенде зордуктап, кимдир бирөөлөргө айтсаң өлтүрөм деп коркуткан. Соттук териштирүү башталгандан кийин жабырлануучу райондо жүрө албай калган. Баары ага сөөмөйүн кезеп жатышты. Мындан тышкары, өгөй атасынын 16 жаштагы агрессивдүү уулу кызды жана анын апасын өлтүрөм деп коркуткан. Башка жерден эптеп батир табышты. Айтайын дегеним, мындай окуялар ачыкка чыккан күндө да жабырлануучуларды тийиштүү коргоого ала алышпайт», — деди Назгүл Осмонова.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБ менен байланышканыбызда, иш 2022-жылдын 31-августунда сотко өткөнүн билдиришти. «Шектүү камакта. Иш сотко өткөн. Соттук иштер баштала элек»,- дешти облустук милициядан.