Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Айыпталуучу эмнеге видеокамераны сындырууга аракет кылганын эстей албарын айтты

Бүгүн, 16-октябрда Бишкекте аялды уулу жана кызы менен өлтүрдү деп шектелген жарандын соттук отуруму өттү. Анда айыпкер көргөзмө берди.

«Биз ашканада отурганбыз, бирок ал чыгып, балдарды урушуп жатты. Анан ызы-чуу уктум. Ашканадан чыкканда Алтынай эже кызын чачынан кармап турганын көрдүм. Ал кызын сабап жаткан. Мен аларды ажырата баштадым. Бул ошол түнү бир нече жолу кайталанган. Менде болгон бычакты Сайкал да кармады. Ошондуктан, мен аларды ажыратканда ал менин колумда болуп калышы мүмкүнбү, эсимде жок»,— деди ал. 

Айыпталуучу андан кийин эмне болгонун жакшы эстей албарын айтты. Ал белгилегендей, унаанын сигналын укканда өзүнө келген. «Мен тез эле ылдый түшүп кеттим. Карасам Сайкал унаанын үстүндө жатыптыр. Кантип көтөргөнүм эсимде жок. Эмне үчүн камераны сыгдырууга аракет кылганымды билбейм. Корккон болсом керек. Бул учур эсимде жок”, — деди соттолуучу.