Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Айыптоочу ошол түнү эмне болгонун айтып берди

Бүгүн, 11-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда 3 кишинин киши колдуу болуу фактысы боюнча соттук отурум башталды. Отурумду судья Надырбек Токтосунов алып барууда. Ишке катышкан негизги адам конвойлордун коштоосунда сотко жеткирилген. Бул тууралуу Акипресс жазды. 

Мамлекеттик айыптоочу айыптоо корутундусун окуду. Айыптоочу тараптын айтымында, Аширалиев менен аял киши 2010-жылы аял банкта иштеп жүргөндө таанышкан. Сүйлөшө башташып, 2012-жылы Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө кокустан жолугуп, телефон номурларын алмашышкан. Аширалиев андан маал-маалы менен карызга акча алып, кайтарып турган, анан экөөнүн достугу сүйүүгө айланып кеткен. Бирок анын үй-бүлөсү бар болчу. Айыпталуучу аял менен байланышуу максатында аялынан жашыруун башка телефон сатып алган.

2014-жылы аял уул төрөп, аны Аширалиевге билдирген. Аял соттолуучудан жардам жана материалдык колдоо сураган, ошондой эле Аширалиевди аялына баарын айтып берем деп опуза кылган. Айыпталуучу өзүнөн улуу аял менен болгон мамилеси үй-бүлөсүн талкалап, аброюна шек келтирет деп кооптонгон. Мындан тышкары, ал 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. 

Опуза чыр-чатакка алып келип, мамлекеттик айыптоочунун айтымында, аны өлтүрүүгө түрткөн. «15-февраль күнү кечинде аял Аширалиевге телефон чалып, аялына баарын айтам деген. Ал өлтүрүүнү чечкен. Түн жарымына жакын айыпталуучу анын үйүнө барып, балдары – 2005-жылы туулган кызы жана алардын уулунун үйгө кайтышын күтө баштаган.

Аларды күтүп, балдар бөлмөлөрүнө тарап кеткенде аялга бычак менен 9 жолу жаракат келтирген. Андан соң, кызынын бөлмөсүнө барып муунткан. Кызды өлдү деп ойлоп, уктап жаткан уулуна барат. Аширалиев жаздык алып, баланы муунтуп өлтүргөн. Соттолуучу андан ары эмне кыларын ойлонуп баштагандан кийин кыздын бөлмөсүнөн ызы-чуу угулган. Ал жерден анын терезеден кулап түшкөнүн көрүп, Аширалиев анын артынан түшкөн. Кире бериште айыпталуучу көзөмөл камерасын байкап калып, аны сындырууга аракет кылган, бирок ал ишке ашпай калган. Ал сыртка чыгып, кыздын сөөгүн көтөрүп, батирге киргизген – мунун баары камерага жазылып калган.

Аширалиев анын сөөгүн ваннага салып, чөктүргөн. Соттолуучу аялдын спирт ичимдигин ичип отуруп, кызы менен уруша кетип, кызы апасын өлтүрүп, кийин өз жанын кыюуга баргандай кылган. Бул үчүн ал бир бөтөлкө арак сатып алып, кыздын денесине кошумча жаракат келтирип, кыздын колуна бычак карматкан», — деди айыптоочу.