Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Алардын өлүмүнүн себеби аныкталды

Бүгүн, 27-октябрда Бишкекте аялды уулу жана кызы менен өлтүрдү деп шектелген жарандын соттук отуруму өттү. Экспертиза Алтынай Канзаманова жана анын балдарынын өлүмүнүн себебин аныктады.

«Спутник» жазгандай, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы төмөндөгүдөй чыгарылган:

Аял көкүрөк тушуна учтуу темир сайылып (ал бычак болушу мүмкүн), алган жаратынан көп кан жоготуп көз жумган. Канынан алкоголь, спирт табылган эмес. Буга чейин соттолуучу окуя болгон күнү аял мас болгонун айткан эле.

17 жаштагы кызы катуу жаракат алган, боору жарылып кеткен. Анын да көкүрөк тушуна бычак болушу мүмкүн делген учтуу темир сайылган. Канынан алкоголь табылган жок.

8 жаштагы уулу муунтулган.

Ошондой эле жактоочу 4 миллион 671 миң сом өндүрүп берүүнү соттон суранды. Жактоочу материалдык чыгым 671 миң сом, моралдык зыян 4 миллион сом деп эсептеген. Ошондой эле адвокат Алтынай Канзаманованын ноутбугун ачып, соттолуучу менен жакын мамилесин далилдеген аудиожазуулар алынганын айтты.