Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя боюнча тергөө уланууда

Бүгүн, 23-мартта АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Айбарчын Батырбекова 5-кичи райондогу үч киши өлтүрүү фактысы боюнча тергөө амалдары уланып жатканын билдирди.

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган.