Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Маркумдун агасы карындашынын шектүү менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди

Бүгүн, 11-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда 3 кишинин киши колдуу болуу фактысы боюнча соттук отурум башталдыОтурумду судья Надырбек Токтосунов алып барууда. Ишке катышкан негизги адам конвойлордун коштоосунда сотко жеткирилген.

Кактус медиа маркумдун агасынын берген көрсөтмөсүн жазды. Анын айтымында, ал буга чейин карындашы Аширалиев менен жолугуп жүргөнүн билген, бирок аны бир да жолу көргөн эмес. «Менин карындашым чоң киши, бул темада сүйлөшчү эмеспиз. Ал мага Аширалиев менен мамилеси тууралуу айтып калчу. Карындашым жигити менен жашоону талкуулагысы келген эмес. Бирок балдар дайыма сүйлөшүп, бизге келип калышчу. Менин жээним акыркы үч ай мени менен үйдө жашады, ал архитектуралык колледжде окучу», — деди Жаныбек.

Ал кошумчалагандай, 16-февралда ага милиция кызматкерлери чалып, 5-кичи райондогу эжесинин дарегине келүүнү суранышкан. «Келгенимде батирден карындашымдын жана анын үй-бүлөсүнүн жансыз денеси табылганын айтышты. Шектүү менен чогуу түшкөн сүрөт жана видеону көрсөтүштү. Мен аны тааныбайм, бирок депутаттыкка ат салышып жатканы тууралуу маалымат бар болчу. Милицияга айттым», — деди ал.