Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Маркумдун апасы шектүү тууралуу айтып берди

Бүгүн, 26-июлда Октябрь райондук сотунда Бишкекте апасы, уулу жана кызын өлтүрдү деп шектелген жарандын экинчи жолку соттук отуруму болуп өттү.

«Спутник» жазгандай, балдары менен кошо өлтүрүлгөн аялдын апасы кызы Аширалиевге жана анын үй-бүлөсүнө акчалай колдоо көрсөтүп жүргөнүн айткан.

«Мен муну мурда көргөм, учурашып дагы койгон эмес. Кызым аны уулунун атасы экенин айткан, бирок Аширалиев бала төрөлгөндө качып жүрүп, кийин келди. Депутаттыкка ат салышса акча жиберип, машине алып берген. Жадагалса балдарын бала бакчага алып барсын деп аялына да машина алып берген экен», — деген маркумдун апасы.