Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Маркумдун ноутбугунда сакталган аудио билдирүүлөр угузулду

Бүгүн, 31-октябрда Октябрь райондук сотунда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча соттук отурум өтүүдө.

Шектүү соттук отурумга жеткирилди. Сот Аширалиевдин унаасын тинтүү учурундагы видеону көрсөттү. Унаанын ичинен бычак, анын айдоочулук күбөлүгү жана каттоо документи табылган«Спутник» жазгандай, Алтынай Канзаманованын ноутбугунда сакталган аудио билдирүүлөр угузулду. Жактоочунун айтымында, анын сыр сөзүн жакында эле ача алышкан.

Сот Алтынай менен Чынтемирдин 2015-жылдагы сүйлөшүүлөрүн угуп чыкты. Анда маркум карызды кайтарууну талап кылган. Аудио билдирүүлөрдун биринде алар Казакстандагы (Медео) мейманкалардын биринен номер тандап жатканы угулду. Адвокат бул маалыматтар маркум менен Чынтемирдин ортосунда мамиле болгонуна далил экенин айтты. Аширалиев буга чейин экөөнүн эч кандай байланышы жок экендигин жана аял ага карыз экенин айткан. Киши колдуу болгон эне-баланын үй-бүлөсү талап кылынган 4 миллион сом компенсацияны кайрымдуулукка жумшай турганын бидирди.