Бүгүн, 16-октябрда Бишкекте аялды уулу жана кызы менен өлтүрдү деп шектелген жарандын соттук отуруму өтүп жатат. Анда айыпкер көргөзмө берди.
16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адам киши колдуу болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган. Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары кылмыш иш тергелип жатканын, ишти сотко өткөрүүгө жетиштүү далилдер бар экенин айткан.
«Спутник» айыпкердин айткандары менен бөлүштү.
Алтынай эже “балдардын атасы жок” деген, “крестный отец” катары жардам берчүмүн. Ортобузда интимдик байланыш болгон эмес.
Ошол күнү мен келгенче ичимдик ичиптир. Балдарын урушуп атты, бир карасам кызын сабап, чачынан жулуп жатыптыр.
Бычакты кызы Сайкал дагы кармап турган. Ал “бизди балдар үйүнө берип сал” деп кыйкырып атты. Ошондон кийин эсимде жок. Өлүк жатканы эсимде.
Милиция чакырбай, коркуп, качтым окшойт. Кийинки күнү турнир бар болчу, үйгө барып, костюм кийип кеттим.
Алтынай эже балдарын көп урчу. Бир жолу кызына бычак менен тап берип, Сайкал ваннага жашынып калыптыр.
Алтынайды мен, балким Сайкал өлтүрдү. Ызы-чуу болуп жаткан.
Балдарды Алтынайэже өлтүрүшү мүмкүн…
Баланын өлүгүн көрүп, үстүн жаап, коркпосун деп оюнчугун жанына коюп койгом.
Биринчи көрсөтмөдөн баш тартам, анткени милиционерлер кыйнаган. Арак ичкем, өзүмдө эмес элем. Баштык кийгизип, сабашты. Мен өлтүргөн жокмун, Кудай турат деп жаттым.
Мен өлтүргүм келсе таксиде, бет капчан кол кап кийип бармакмын. Аны азыр эч ким билбейт болчу.
Аялдан акча, унаа, квартира алды дегендин баары калп. Тескерисинче, ал мага 30 миң доллардай карыз.
Дары ичем, намаз окуйм, тренировка кылып эстегенге аракет кылам. Мен балдарды өлтүрмөк эмесмин, коргонуучу реакция болду окшойт.
Салим менин балам эмес, атасы ким экенин айтчу эмес.
Аялым маркум тууралуу билчү эмес. Мен көбүнө жардам берчүмүн, баарын айтпайм да.