Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Шектүү жеңил жаза берүүнү сурады

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча соттук отурум өтүүдө.

Айыпталуучу Чынтемир Аширалиев акыркы сөзүн айтты. Соттолуучу чечим кабыл алуудан мурда бардык жагдайлар эске алынышы керектигин кошумчалады. «Бардык жагдайларды, тергөөдөгү бардык кемчиликтерди, мамлекеттик айыптоочу менен тергөөчүнүн ар кандай материалдарын эске алып, жеңил жаза берүүнү суранам», — деди ал.

Кечээ, 2-ноябрда прокурор Чынтемир Ашираливди өмүр бою эркинен ажыратууну сурап, анын мүлкү конфискацияланып, өзгөчө тартиптеги колонияга киргизүү зарыл деп эсептейт. Жабырлануучу тараптын адвокаты дагы айыпталуучуну өмүр бою кесүүнү сурап, 4 миллион 600 миң сом компенсация төлөп берүүнү талап кылган.