Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча соттук отурум өттү. Судья Чынтемир Аширалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү) 1, 3, 7, 12-пункттары боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын билдирди.

Ошондой эле сот шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинде (атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү) кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 800 эсептик көрсөткүч (80 миң сом) өлчөмүндө айып пул салды.

Буга чейин айыпталуучу Чынтемир Аширалиев акыркы сөзүн айткан. Соттолуучу чечим кабыл алуудан мурда бардык жагдайлар эске алынышы керектигин кошумчалады. «Бардык жагдайларды, тергөөдөгү бардык кемчиликтерди, мамлекеттик айыптоочу менен тергөөчүнүн ар кандай материалдарын эске алып, жеңил жаза берүүнү суранам», — деген ал.

Кечээ, 2-ноябрда прокурор Чынтемир Ашираливди өмүр бою эркинен ажыратууну сурап, анын мүлкү конфискацияланып, өзгөчө тартиптеги колонияга киргизүү зарыл деп эсептейт. Жабырлануучу тараптын адвокаты дагы айыпталуучуну өмүр бою кесүүнү сурап, 4 миллион 600 миң сом компенсация төлөп берүүнү талап кылган.