Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Соттук отурум айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкекте апасы, уулу жана кызын өлтүрдү деп шектелген жарандын соттук отуруму өтмөк.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, соттук отурум 5-октябрга жылдырылган. Ага күбөлөрдүн келбегени жана айыпталуучунун ден соолугунун начарлыгы себеп болгон.

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адам киши колдуу болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган. Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары кылмыш иш тергелип жатканын, ишти сотко өткөрүүгө жетиштүү далилдер бар экенин айткан.