Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Соттук отурум дагы жылдырылды

Бүгүн, 5-октябрда Бишкекте апасы, уулу жана кызын өлтүрдү деп шектелген жарандын соттук отуруму өтмөк.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, соттук отурум 16-октябрга жылдырылган. Ага айыпталуучунун жактоочусу ооруп калганы себеп болгон.

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адам киши колдуу болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган. Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары кылмыш иш тергелип жатканын, ишти сотко өткөрүүгө жетиштүү далилдер бар экенин айткан.