«Апасы Орусияда болгон». Ошто 14 жаштагы кыз 2 жылдан бери өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтты

Ошто 14 жашар кызын 2 жылдан бери зордуктап жүргөн делген 1982-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери 2007-жылы туулган кыздын акыркы күндөрү өтө эле психологиялык жактан жабыркап жүргөндүгүн байкап, аны менен мектепте маектешүүгө аракет жасаган. Алгачкы маектешүүгө жасаган аракеттер жыйынтыксыз болгон. Кыз инспектор менен маектешүүдөн баш тарткан. Бирок милиция кызматкеринин бир нече аракетинин натыйжасында, кыз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталып, психологиялык жактан оор абалда жүргөндүгүн айтып берген. Кызматкер токтоосуз Ош ШИИБдин жетекчилигине рапорт менен кайрылып, жабырлануучу кыз, атасы жана башка үй-бүлө мүчөлөрү милицияга алып келинген.

Жабырлануучу кыздын көрсөтмөсүнө ылайык, аны өз атасы 2019-жылдын июнь айынан баштап, 2021-жылдын ноябрь айына чейин эркине каршы зордуктап жүргөн. Алгачкы зордуктоо учурунда апасы Орусияда болгон. Бирок апасы келгенден кийин дагы бул кылмыштуу иш уланган. Акыркы жолу 2021-жылдын 28-ноябрь күнү атасы кылмыштуу ишин улантып жатканда үйдөгү дагы бир кызы көрүп калган. Кыздардын айтуусунда, корккондуктан жана үй-бүлөсүнүн ажырашып кетишкендигинен коркушкандыктан милицияга кабарлашкан эмес.

Кечээ, 9-ноябрда жабырлануучу кыздын 1982-жылы туулган атасы жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жазык кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.