«Апасы рактан каза болуп, атасы өлтүрүлгөн». Чүйдө өгөй ата 11 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат

Чүйдө 11 жаштагы кызды зордуктоого өгөй атасы шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-августта Токмок ШИИБге социалдык коргоо адиси кайрылган. Ал арызында жашы жете элек кыз 1985-жылы туулган өгөй атасы менен жашарын, ал кыздын алсыз абалынан пайдаланып 2023-жылдын февраль айынан бери зордуктап жүргөнүн билдирген. 

Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. 1985-жылы туулган жаран шектүү катары кармалган. Ал соттун чечими менен камакка алынган. 10-октябрда иш сотко өткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кыздын 1990-жылы туулган апасы 2022-жылы рактан каза болгону аныкталган. Ал эми кыздын атасы 2023-жылы өлтүрүлгөн. Буга байланыштуу кыз өгөй атасы менен жашап жүргөн.