Апасы, уулу жана кызы киши колдуу болгон окуя. Кылмыш иш Бишкек шаардык сотунда каралат

Ушул жылдын 16-февралында Бишкектин 5-кичирайонунда апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси алар жашаган үйдө табылган. 3-ноябрда кылмышка шектүү Чынтемир Аширалиевди Бишкектин Октябрь райондук сотунда судья күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле сот шектүүгө 800 эсептик көрсөткүч (80 миң сом) өлчөмүндө айып пул салган.

Бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, 20-декабрда сат 09:30да кылмыш иш Бишкек шаардык сотунда каралат.