Апасы, уулу жана кызы киши колдуу болгон окуя. Шектүү күнөөнү мойнуна албаса, жазасы жеңилдейби?

Ушул жылдын 16-февралында Бишкектин 5-кичирайонунда апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси алар жашаган үйдө табылган. Көп өтпөй кылмышка шектүү кармалган. Киши колдуу болуп өлгөн 51 жаштагы Алтынай Канзаманованын апасы Үрү Дюшебаева бүгүнкү күнү адилеттүүлүк издеп жатат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу тараптын жактоочусу Искендер Жоробаев менен байланышканыбызда, жазанын жеңилдеп калышына жана апасынын акыйкаттык издеп жатканына себеп деле жок экенин айтты. «Айыпкер күнөөнү мойнуна алган жок. Иш өз нугунда жүрүп жатат. Айыпкер суралды. Ал күнөөнү мойнуна албай, ого бетер оорлоштуруп жатат. Иликтөө жакшы жүргөн. Ал «Алтынай спирт ичимдиктерин ичип отурган, анан эле кызы экөө урушуп кетти» деди. Бирок соттук-медициналык экспертиза анын канынан спирт чыкпаганын чыгарган. «Кызы экөө урушуп, кызы өзүнө кол салган» деп жатат. Чындыгында, кыздын кол бөлүгүндө жаракат бар. Бирок ал жаракатты экспертиза өлгөндөн кийин келтирилгенин тастыктап берген. Бул да калп. Ал кылмыштуу жашыруу иретинде алдап жатат да. Менин оюмда күнөөнү мойнуна алып, кечирим сураса, ага моралдык жактан жеңил болмок. Кийин өкүнсө керек. Ага баары бир өмүр бою эркинен ажыратыла турган жаза берилет», — деди жактоочу.