Ар бир кутусу 500 миң сом турат. УКМК тарабынан Баткенде тамеки аткезчилиги фактысына бөгөт коюлду

УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 20-майда Сүлүктү шаарында Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Кыргыз жаранынын башкаруусунда ВАЗ 21013 үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Унааны текшерүү учурунда кабинадан 10 куту “Esse Change” тамекиси табылган, анын ар бир кутусу болжолдуу базар баасы боюнча 500 миң сомду түзгөн 50 блок тамекини (1 пачка тамекинин баасы 100 сом) түзөт. Алынган маалыматтарга ылайык, тамеки буюмдары Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн коңшу республикадан мыйзамсыз алып келинген. Ушул жылдын 20-июнда шектүү унаасын оңдоо үчүн Раззаков шаарын көздөй бара жаткан, “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү пунктунун жанынан белгисиз адам аны токтотуп, 10 кутудан турган жүктү Раззаков шаарына 10 миң сомго жеткирип берүүнү суранган. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.