Ар бири 200 миң сомдук. Жумгалда беш жылкы уурдаган шектүү кармалды

2024-жылдын март айынын аягында белгисиз адамдар Жумгал районунун Байзак айылынын тургунунун беш баш жылкысын уурдап, бир миллион сомго барабар зыян келтиришкен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бул кылмышка катыштыгы бар Тогуз-Торо районунун 2002-жылы туулган А.Н. аттуу жаран аныкталып, ал Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баш коргоо чарасы сот тарабынан камакка алуу түрүндө тандалып алынган. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.