Ара-Көлдө унаасы менен чана сүйрөгөн кишиге 7,5 миң сом айып салынды

Социалдык тармактарда Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл көлүндө муз үстүндө Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа балдарды чанага отургузуп, айдоочу бейбаштык жасап жаткандыгы боюнча маалымат жарык көргөн.

Бул факты боюнча Кочкор РИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, унаанын айдоочусун таап, 7500 сом айып салуу менен унаасын убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизишти.