Ири өлчөмдө акча алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына шаардык тургун арыз менен кайрылып, 2024-жылдын августунда ишенимге кирип, Бириккен Араб Эмираттарынан Lexus GX-460 үлгүсүндөгү унаа алып, жеткирип берүүнү убада кылып, 29 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акча алып, качып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.
Бул окуя боюнча 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган.