«Арак ичип отуруп, уруша кетишкен». Токмокто агасын өлтүрүүгө шектүү кармалды

Токмок шаарында адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 14-сентябрь күнү Токмок шаарындагы үйдө 1961-жылы туулган жарандын киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган окуя боюнча Токмок ШИИБге катталып, 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталып, өлгөн жаран аталган үйдө бир тууган иниси 1964-жылы туулган жаран менен чогуу жашары, окуя болгонго чейин үйдө чогуу арак ичишип, мастыктан уруш чыгып сабап, иниси агасын өлтүргөнү аныкталган. Шектүү жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.