«Аралыкты сактаган эмес». Кайгуул кызматы №8 автобус кабылган жол кырсык боюнча маалымат берди

Алдын ала маалыматтар боюнча, автобус астындагы аралыкты сактаган эмес. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, автобустун алдында Айтматов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жаткан Хонда Стрим үлгүсүндөгү авто унаа бара жаткан. Абдрахманов көчөсүнөн Хонда Фит үлгүсүндөгү авто унаа Айтматов көчөсүнө бурулуп чыккан учурда Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа ага жол бошотуп берген. Ошол учурда анын артында келе жаткан автобус аралыкты сактабай токтоого жетишпей, аны айланып өтөм деп жол жээгиндеги даракты сүзүп токтогон.

Кырсык 29-октябрда катталган. Анын кесепетинен 21 адам жаракат алган. Кечээ мэрия маалымат таратып, 4 адам дарыланып жатканын билдиришкен.