Арашан суусунан 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Чүйдөгү Арашан суусунан 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-августта ӨКМге Арашан суусуна 2004-жылы туулган өспүрүм түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.