Араванда 1 жаштагы наристе каналга түшүп, чарчап калды

Ош облусунун Араван районунда 1 жашар наристе каналга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык кечээ, 2-июнда катталды. Куткаруучуларга Кесек айылында 2021-жылы туулган наристе каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, алар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилди.