Араванда 12 жаштагы бала киши колдуу болду. Аны ооруканага «асынып алган» деп алып барышкан

Кечээ, 25-июнда саат 10:25 чамасында Араван районунун борбордук ооруканасынан Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ошол эле күнү асынып каза болгон өспүрүм баланын денеси келип түшкөндүгү боюнча кабар берген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат катталып, Араван РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жетекчилиги окуя болгон жерге барышкан. Ооруканага барганда төмөнкүлөр аныкталган: 25-июнда каза болгон өспүрүм Араван айылынын тургуну 12 жаштагы тургуну экендиги такталып, аны саат 10:10 чамасында 50 жаштагы баланын тайкеси алып баргандыгы, алынып барганда өспүрүмдүн денеси жансыз болгондуктан оорукананын мейитканасына киргизилгени белгилүү болгон. Баланын жансыз денесине соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, Араван райондук соттук-медициналык экспертизасынын экспертинин катышуусу менен кароо жүргүзүлгөн учурда 12 жаштагы бала киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш ишти башталды. Кылмыштын бетин ачып кылмышка шектүүнү табуу боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.