Араванда 2 баланын апасы асынган абалда табылды. Жакыны эмне дейт?

Ош облусунун Араван районунда 2 баланыны апасы? 23 жаштагы келин асынган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакыны билдирди.

Маалыматка караганда, келин үй-бүлөдөгү 8 бир туугандын төртүнчүсү болгон. 19 жашында турмушка чыгып, 2 балалуу болгон. Баласынын улуусу 3 жашта, кичүүсү 6 айлык.

«Баткен мамлекеттик университетинин чет тилдер (англис тили) факультетинин бюждет бөлүмүн окуп жүрдү. Баласын колуна көтөрүп, сабакка барган учурлары болду. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнүн бир тууган инисине айткан экен. Бирок ал мектеп окуучусу болгондуктан түшүнбөгөн болушу мүмкүн. Окуу жайда окуп жүргөндө менин үйүмдө жашап калды, жаркылдаган, тартиптүү кыз болчу»,- деди жакыны.

Бул окуя боюнча Ош облустук милициясы маалымат таратып, бул факты Араван РИИБге каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

«Окуя боюнча күбөлөр суралып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат»,— деп айтылат маалыматта.